Kassir.kg
Поиск
No Data
Өзгөрүш Абакировдун поэзия кечеси Ош в Сб, 10 мая 2025 года 18:30

Өзгөрүш Абакировдун поэзия кечеси Ош12+Сб, 10 мая 2025 года 18:30

Place: Национальный драматический театр им. С. Ибраимова
Ош, Улица Ленина, 243
From 600 som
Продажа завершена!
Duration: 120 мин.
Language: KG
Share:
Dates:
10
мая 2025
18:30 сб
Language: KG

Урматтуу Ош шаарындагы поэзия күйөрмандары, кымбаттуу достор!

Сиздерди 10-май күнү саат 18:30 дө Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жайлуу залында боло турган, коңур үнү менен акындардын ырларын жаңы өңүттө көркөм окуган Өзгөрүш АБАКИРОВдун ЖАҢЫ ПРОГРАММАдагы поэзия (көркөм окуу) кечесине чакырабыз.

Бул күнү зал ичи поэзиянын укмуштуудай абасына толот. Сөздүн гүлүн терип сезимдердин түпкүрүнө саякатка чыгабыз. Сиз менен биз сезимдерибизди бөлүшүү үчүн бир аянтчага чогулабыз.

Кечеде классик акындардын ырларынан тарта заманбап акындардын чыгармаларына чейин тандалма ырларды жандуу музыканые коштоосунда уга аласыз. Биз менен поэзия дүйнөсүнө сүңгүп, сөз менен тартылган сүрөттөрдүн сыйкырынан ырахат алыңыз.

ПИАНИНОДО: Атай БАЛБАКОВ

Досторуңуз, үй – бүлөңүз менен же жалгыз келиңиз! Поэзия кечеси сөз баалаган жана жан дүйнө гармониясын издеген адамдар үчүн ачык.

Кыргыз тилин, кыргыз поэзиясын жаштар арасында көркөм окуу, өзгөчө шөкөттөө менен жайылтып, популизациялап, романтизациялап жаткан Өзгөрүш Абакировдун аракетине өз бааңызды берип, колдоп кетиңиз!

Кече жандуу музыканын коштоосунда өтөт.

Поэзия кечесинде жолукканга чейин!