Нукура элдик өнөрдү жалпы элге таанытуу максатында 30 жылга жакын тарыхы бар Кыргыз Руху фольклордук ансамбли 20 жылдык отчёттук концертин Бишкек шаарында Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 27-май күнү саат 18 30 да жалпы элге тартуулаганы турат. Алгач ирет Нарын райондук маданият үйүнүн алдында Манас Руху театры болуп түзүлгөн. 2005-жылы Бишкек маданият башкармалыгынын алдында Кыргыз Руху фольклордук ансамбли болуп уюшулуп, ушул кезге чейин шаарыбыздын ар бир майрамында өзүлөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап келишет. Элибиздин көөнөрбөс ырларын угуп, жандуу үндөн жандуу азык алып, көңүл ачып кетиңиздер!