headerLogo
+996 704 144 155
Чокчолой баатыр
Чокчолой баатыр
Цена
От 500 KGS
Место проведения
Кыргызский государственный театр кукол им. М. Жангазиева. Бишкек, Юсупа Абдрахманова, 230
Продолжительность
2ч
Дата
16 декабря 2026, 12:30, ср
Язык
RU
Возрастные ограничения
-
Ограничения по возврату
За 3 суток до мероприятия обмен и возврат невозможны
Правила возврата

«ЧОКЧОЛОЙ БААТЫР»
Кыргыз эл жомогунун негизинде
Жаш курагы: 0+
Баатыр болуу үчүн сөзсүз дөөдөй чоң, алп, күчтүү болуш керекпи? Же чыныгы эрдик — кичинекей жүрөктөгү опол тоодой кайраттабы?
Бул жомоктун баш каарманы - Чокчолой аттуу кичинекей мышык. Бою кичине болсо да,жүрөгү тоодой, өзүнө болгон ишеними бекем. Ал токой ичиндеги айбаттуу жырткычтарга бет келип, эч ким күтпөгөн бурулуштардын каарманына айланат. Анын тайманбастыгы чоңдордун жүрөгүн өйүгөн коркунучту сүрүп чыгарып, «кичинекейдин да чоң ишке жарай турганын» далилдейт.
Шаттыкка, оюн-күлкүгө жана күтүлбөгөн жолугушууларга бай бул спектакль эң кичинекей бөбөктөрдү да тайманбоого, өзүн баалоого жана айлана-дүйнөгө кызыгуу менен көз чаптырууга үндөйт.
Анткени чыныгы баатырдык бойдун узундугу менен эмес, жүрөктүн кеңдиги менен өлчөнөт!

🗓️ 16 декабрь ⏰ 12:30

🏷️билеттин баасы 500 сом
🎟️  ➡️ @kassir.kg сайтында билеттер сатылат
🏛️ @madaniyat.gov.kg

📍Дареги: Бишкек ш.
Абдрахманов к. 230А
✏️e-mail: teatrkukol1939@mail.ru
🔎www.teatrkukol.kg
📞Администратор: тел. +996312 670641
☎️Вахта: тел. +996312 670617

Поделиться: