Өзгөрүш Абакировдун поэзия кечеси | Kassir.kg
headerLogo
+996 702 144 155
Өзгөрүш Абакировдун поэзия кечеси
Өзгөрүш Абакировдун поэзия кечеси
12+
ЦенаОт 800 KGS
Место проведенияКыргызский академический драматический театр им. Т. Абдумомунова. Бишкек, Абдумомунов, 230
Дата21 апреля 2025, 19:00, пн
Количество билетов7 шт
Продолжительность120 мин
ЯзыкKG

Урматтуу поэзия күйөрмандары, кымбаттуу достор!

Сиздерди 21-апрель күнү саат 19:00дө Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жайлуу залында боло турган кооз, коңур үнү менен акындардын ырларын жаңы өңүттө көркөм окуган Өзгөрүш АБАКИРОВдун ЖАҢЫ ПРОГРАММАдагы поэзия (көркөм окуу) кечесине чакырабыз.

Бул күнү зал ичи поэзиянын укмуштуудай абасына толот. Сөздүн гүлүн терип сезимдердин түпкүрүнө саякатка чыгабыз. Сиз менен биз сезимдерибизди бөлүшүү үчүн бир аянтчага чогулабыз.

Кечеде классик акындардын ырларынан тарта заманбап акындардын чыгармаларына чейин тандалма ырларды жандуу музыканые коштоосунда уга аласыз. Биз менен поэзия дүйнөсүнө сүңгүп, сөз менен тартылган сүрөттөрдүн сыйкырынан ырахат алыңыз.

Бул укмуштуудай кечти Урмат БОРЧЕНОВ, Роза РЫСБЕК, Элина АЙТПАЕВА

Досторуңуз, үй – бүлөңүз менен же жалгыз келиңиз! Поэзия кечеси сөз баалаган жана жан дүйнө гармониясын издеген адамдар үчүн ачык.

Кыргыз тилин, кыргыз поэзиясын жаштар арасында көркөм окуу, өзгөчө шөкөттөө менен жайылтып, популизациялап, романтизациялап жаткан Өзгөрүш Абакировдун аракетине өз бааңызды берип, колдоп кетиңиз!

Кече жандуу музыканын коштоосунда өтөт.

Поэзия кечесинде жолукканга чейин!

Поделиться:
0